Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-июлда "Автомобиль жолдору жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш быйыл 4-июнда кабыл алган.
Мыйзам менен жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби жана
көлөмдөрү, жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн бааларын
аныктоо усулу, туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жана буюртмачынын,
көтөрмөчүнүн жана кеңешчи-инженердин өз ара мамилелери жөнүндө жобону Жогорку
Кеңештин тиешелүү комитеттери менен макулдашуу талабы жоюлат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.