Бүгүн, 3-июлда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн оорукчулары (тылчылары) өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешүүдө. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын атайын буйругуна ылайык, 3-июль Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн оорукчулар күнү болуп белгиленген.
"Ооруктук камсыздоо аскерлерди ар тараптан камсыздоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана аскерлердин бардык түрлөрүн ооруктук жактан ар тараптан камсыздоочу иш-чараларды ишке ашыруу жана уюштуруу, аскерлердин алдына коюлган тапшырмалардын ийгиликтүү аткарылышына ыңгайлуу шарттарды түзүү иштерин аткарат. Оорук кызматы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн коргоо жөндөмдүүлүгүн камсыздоого ири салымын кошуп келет",- деп билдирет Коргоо министрлиги.
Оорук кызматкерлеринин кесиптик майрамынын урматына Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчилиги тарабынан кызматында мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн аскер кызматкерлери бүгүн баалуу белектер, грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышканы айтылды.