Бишкектеги Адистештирилген балдар үйүнүн материалдык-техникалык базасын текшерген вице-премьер-министр үч наристеси менен аталган мекемеде жашап жаткан эненин шартын көрдү. Ошондой эле жаш энеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү керектигин кызматкерлерге эскертти.
Айта кетсек, буга чейин ал Бишкекте үйү жок экенин айтып, өкмөттөн жардам сурап кайрылган. Мындан улам Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун наристелердин патология бөлүмүндө убактылуу күн кечирип турган. Кийинчерээк борбордогу Адистештирилген балдар үйүнө чыгарылган эле.