Текебаев Коомдук биринчи каналдын өкүлдөрүнө: "Бакиевдин куйруктарын "Ата Мекенден" эмес, башка жактан издегиле!"
Депутат Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын 5 жыл аралыгында аткарган иштери тууралуу 7-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып КТРКнын өкүлдөрүн жана каналдын жетекчиси Илим Карыпбековду сынга алды. "Текебаев Мырзакматовду "Бакиевдин куйругу" деп айткан" деп ойлосоңуз жаңылышасыз. Сиз Коомдук каналдын өкүлүсүз, сиздин айткандарыңыз журналист катары ошол тараптын эмне максатта иштеп жатканын далилдейт. Жетекчиңиздер Карыпбеков Максим Бакиев менен иштешкен. Ошон үчүн менин атымдан Карыпбековго салам айтып барыңыз жана мага берген суроону ошол кишиге бериңиз",- деди фракция лидери.