Ошто бала бакчалар күтүүсүздөн текшерилүүдө

Ошто бала бакчаларды күтүүсүздөн текшерүү иш-чаралары башталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, атайын комиссиянын курамына Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов, мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы С.Аманова, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана профилдик бөлүмдөрдүн өкүлдөрү киришти. Рейддин негизги максаты бала бакчаларда санитардык-гигиеналык, материалдык-техникалык базанын, балдардын тамактануу нормаларынын сакталышын текшерүү болуп саналат.

Рейддин жүрүшүндө алгач 2 бала бакча текшерилип, анын биринде суунун басымы аз болгондугуна байланыштуу техникалык персонал кыйынчылыктарга учурап келгени аныкталган. Ал эми экинчи бала бакчада спорт аянтчасы нормаларга жооп бербегени байкалган. Аталган мүчүлүштүктөрдү жоюуга бала бакча жетекчилигине 2 жума мөөнөт берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurchik05
2015-07-09 15:33:21
Главное таза болсо долду да суу басымыны аздыгына алар кунолу эмес да анан
+3
perichte
2015-07-09 15:33:23
Ильичбек, азаматсын,ишине ийгиликтерди каалайм!
0
KYRGYZJERI
2015-07-09 19:48:51
Озулору шарт тузуп жаны садиктерди салып берип, ысык суу муздак суусун орнотуп беришип анан текшеришсе гана.
Азыр эмне коп кафе, тунку клубтар шаг сайын.
больница садик дегендерди салышса гана...карапайым эл больницага да жете алышпайт, балдар да садике да бара албай...
+1
kirgizstan
2015-07-09 20:13:23
Карагыла таптаза турат капусталарды
0
kaniet
2015-07-09 21:49:17
Ушу текшерүүчүлөр жадатат да, күчүн чыгарганы эле мектеп менен садик. Кудайдын жетим балдарындай кылышат. СИлерге да кудай бардыр текшере турган, ошол садик менен мектептерде жүргүзүлүп жаткан иштерди көрсөңөр бали! Рахмат дейсиңер! А текшерүүчүлөр неге келет дейсиңер, чөнтөгүн толтурганы келет да ысыволучтар,,,, десем БАҢга кирбизесе керек ээ достор, жакшы калгыла!!!!
+1
Odik11
2015-07-09 23:28:03
Ар бир керебетте экиден жаткан бобокторду неге тартпадынар?
0
BAXA08
2015-07-10 01:14:22
Бассеинде балдар чомулот чекесине колдорун коет а бул очкарик бутун коюп турат текшеруучу санитардык эреже кайда калды
+2
BAXA08
2015-07-10 01:16:31
менин балдарым да садикке барат эжекелери аябай жакшы тамактары тазалыгы бирок .........
алышат
0
avtogrand
2015-07-10 10:35:43
Эки бутун менен чыгып албапсында бассейндин четине.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан