Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу боюнча келишимди Казакстандын Сенаты ратификациялады

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу боюнча келишимди Казакстан парламентинин Жогорку палатасы ратификациялады. Келишимди Сенат 9-июлда карап, ага 437 депутат макулдук бергенин чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал эми 30-июнда Казакстан парламентинин Төмөнкү палатасы келишимди колдоп берген эле. Документ эми өлкө жетекчиси Нурсултан Назарбаевдин кол коюусуна жиберилмекчи. 
ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттердин парламенттери келишимди жана бир катар протоколдорду ратификациялап, аларга Орусия, Беларусь, Казакстан жана Армениянын президенттери кол койгондон кийин Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук кандуу мүчө болот. 

Айта кетсек, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулуу боюнча бардык ички процедураларды 22-майда аяктаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан