Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына 2015-жылдын январь-июнь айларында жарандардан 5532 кайрылуу түштү, мунун ичинде:
- электрондук кайрылуулар – 3888;
- коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар – 565;
- “ишеним телефону” аркылуу кайрылган жарандар – 593;
- коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар – 315 жана башка;
Президенттик аппараттын билдиришинче, электрондук кайрылуулардын 3794ү президенттин аппаратына түшүп, алардын ичинен эң көп арыздар Бишкек шаарынын (1631) жана Чүй облусунун жашоочуларынан (557) келди.
Ош облусу жана Ош шаарынан – 448;
Жалал-Абад облусунан 281;
Ысык-Көл облусунан 275;
Баткен облусунан 148;
Нарын облусунан 128;
Талас облусунан 82 жана КМШ мамлекеттеринен жана чет өлкөлөрдөн 204 кайрылуу түшкөнү айтылды.