Бүгүн, 9-июлда премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы астында "Жер-Үй" кенин иштетүүдөн түшкөн каражатка мектеп имараттарын куруу боюнча жыйын өттү. Анда аталган каражатка курулчу жана толугу менен оңдоодон өткөрүлчү мектептердин тизмесин аныктоо маселеси талкууланды.
Сариев "Жер-Үй" кенин иштетүүдөн түшкөн каражатты өлкөдөгү билим берүү системин өнүктүрүү жана жараксыз абалга келген мектептерди оңдоого жумшоо каралганын билдирип, бул багытта активдүү иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.
Өкмөттүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин төрагасы Турдубек Мамбетовдун маалыматы боюнча, өлкөдө 2222 мектеп атайын кароодон өткөрүлүп, 263 мектеп оңдоого муктаж. Анын ичинен 89 мектептин имаратын толугу кайрадан менен куруп чыгуу зарыл.
Премьер-министр бул ишти аткарууда комплекстүү чаралар зарылдыгын белгилеп, бөлүнгөн каражатты эффективдүү пайдалануу маселесине көңүл буруу керектигин билдирди.
“Биз бул долбоорду ишке ашырууда комплекстүү чараларды кабыл алып, абдан дыкат иш алып барышыбыз керек. Жаңыдан курулган мектептер бардык шарттарга жооп берип, заманбап үлгүдө болушу зарыл. Ошону менен катар ага жумшалчу каражаттын көзөмөлүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Биз жакынкы жылдары мындай долбоорду билим берүү жайларында эле эмес, саламаттык сактоо, маданият жана башка социалдык объекттерде да ишке ашырабыз”,- деди Темир Сариев.
Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев өкмөттүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги жана Билим берүү жана илим министрлигине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бир жуманын ичинде тизмени кайрадан тактап чыгуу тапшырмасын берди.