Ибрагим Жунусов Түркиянын өкүлү менен өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну талкуулады

Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 9-июлда Түркиянын Соода палатасы жана биржа союзунун башчысы Рифат Хисарджыклыоглу менен жолугушту. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык тармакка тийиштүү маселелерди талкуулашканын бүгүн, 10-июлда ТИМдин маалымат кызматы билдирди. 
Жунусов өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Түркиянын президенттери кол койгон келишим бар экенин белгилеп, кыргыз жеринде бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын айтты. Соңунда тараптар экономикалык тармакта тыгыз кызматташтыкты колдоорун, аны мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан