Араванда депутатка берилип жаткан 150 гектар жер маселеси боюнча райондук прокуратура 3-4 күндө жооп кайтармай болду

Буга чейин окурманыбыз Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына байланышка чыгып, Араван районуна караштуу Гүлбаар айыл өкмөтүнүн Керме-Тоо айылында 150 гектар жер Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге берилип жатканын айткан. Окурман анда бул жер элге тиешелүү экенин, жер менчикке чыкса, элге кыйын болорун билдирген. Окурманга байланышканыбызда ал чогулган эл менен райондук прокуратуранын, акимиаттын өкүлдөрү келип жолукканын айтты. "Эл менен кеңешпей туруп жерди эмнеге сатып жатышканын сурап, так жооп ала алган жокпуз. Прокуратура өкүлдөрү 3-4 күндө жыйынтык чыгарып, элге билдирерин айтышты. Негизи, бул маселени айылдык кеңештин депутаттары да билген эмес, талкууга койгон эмес болуп чыкты",- дейт окурман. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rifle
2015-07-11 12:31:51
Араванда эркек адам жокбу ? Баары эле аял кишилер журот го ?
Депутатка бербеш керек , сатып качып кетет !
+1
parus.kg
2015-07-11 12:44:11
Беш жыл депутаттык креслодо отуруп жакшы акча тапты да озунун бизнесин калкалап,онуктуруп? Бети жок десе элге пайдасы тийбегенден кийин акчасы бар экен жон эле бизнесмен болуп журо бербейби созсуз эле депутат болом деп жулкунбай бекер местаны ээлеп? анын ордуна кичине элди ойлогон бироо келсе канча эсе пайдалуу....?
+2
erikkarakulja
2015-07-11 16:37:29
Депутатын озбекстанга сатып жиберет
+1
gulmi
2015-07-11 16:44:38
Ушунча адамдын укугун тебелеп жаткан адам парламентте олтура албайт!
+1
misster88
2015-07-11 18:35:14
Чындап жалан эле аялдарго....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан