Президент Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышып, кайра Бишкекке кайтып келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-июлда Башкортостандын борбору Уфа шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышып, кайра Бишкекке кайтып келди. 4 кишиден турган расмий делегация “Манас” аэропортуна кечээ саат 21:00дө конду. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, делегациянын курамында А.Атамбаевден тышкары тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков жана Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов болду.

Саммиттин жыйынтыгында 17 программалык документке кол коюлду. Анын ичинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери 2025-жылга чейинки кызматташуу стратегиясын кабыл алышты жана Уфа декларациясына кол коюлду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан