Маалым болгондой, иш-чара Барпы атындагы Кыргыз драма театрынын, облустук казыяттын жана ОИИБинин колдоосу астында өтүүдө. Иш-чаранын негизги максаты – Орозо айында ата-энеси жок, оор шарттарда тарбияланып, балдардын жатак-үйлөрүндө билим алып жаткан өспүрүмдөргө жакындан жардам берүү, аларды кышкы мезгилге карата кийим-кече жана тамак-аш менен камсыздап, келечекте илим-билим алып, коомубуздун татыктуу жарандарынан болушуна шарт түзүп берүү.