Бүгүн, 12-июлда кыргыз жерине алгачкы ирет иш сапары менен келген Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен премьер-министр Темир Сариевдин жолугушуусу өтөрү күтүлүүдө. Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы маселелер талкууланарын өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Жолугушуу соңунда тараптар эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу тууралуу документтерге кол коюшмакчы. Андан кийин ал Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушат.
Айта кетсек, Моди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен кезигишип, кызматташуу тууралуу пикир алышты. Моди Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында Кыргыз Республикасына алгачкы жолу келди. Аны кечээ, 11-июлда “Манас” аэропортунан премьер-министр Темир Сариев тосуп алган.