Президент Алмазбек Атамбаев менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модини эки тараптуу бир катар документтерге кол коюшту

12-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кеңири курамдагы жолугушуулардан соң кыргыз-индиялык эки тараптуу макулдашууларга кол коюу аземи өткөрүлдү. Азем учурунда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Андан тышкары президент Атамбаев менен Индиянын премьер-министринин катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

• Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Индия Республикасынын Маданият министрлигинин ортосунда маданият, искусство, жаштар, спорт жана ЖМК тармактарында макулдашуу.

• Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдары өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясынын ортосунда шайлоолор тармагында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

• Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (СМБ) менен Индия стандарттарынын бюросунун (BIS) ортосундагы меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан