Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 15-июлда Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн-1 кичи районунда жана Курулушчулар шаарчасында 9:00дөн 17:00гө чейин таза суу болбойт. “Бишкек суу-канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.