Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги мектептер боюнча бирге иштешүүнү көздөп жатышат. Бул боюнча министрлер
Алтынбек Максүтов менен
Эльвира Сариева сүйлөшүү жүргүзгөнүн бүгүн Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Бирге иштешүүнүн максаты - жалпы билим берүүчү мекемелерде таланттарды колдоо жана маданиятты өнүктүрүү.
"Бул боюнча атайын долбоор даярдалууда. Анда мектептерде күзгү жана кышкы каникул учурунда мастер-класстарды өтүүгө, окуучулардын катышуусунда көргөзмө, спектакль, концерт жана театралдык көрүнүштөрдү даярдоого маданият өкүлдөрүн тартуу демилгеси каралган",- деп билдирет министрлик.