Кыргыз мамлекетинде өткөн суткада 24 миллион 652 миң киловатт-саат электр энергиясы колдонулду. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин билдиришинче, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллион 438 миң киловатт-саатка көп. "Бишкек жылуулук электр борбору бир суткада 2 миллион 056 миң киловатт-саат электр кубатын өндүрдү. ЖЭБдин аймагында учурда 86 132 тонна көмүр бар, көмүр жеткирүүлөр уланууда",- деп билдирет министрлик.
Токтогул суу сактагычына учурда секундуна 952 метр куб суу агып кирип, суунун сарпталышы 327 метр кубду түзүп жатканы, суу сактагычта азыркы учурда 10 миллиард 874 миллион метр куб суу бар экени айтылды.