Тегеран искусство университети бакалавр, магистратура жана докторантура программалары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына 2 бюджеттик орун берүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Студенттин жатаканасын, тамак-ашын, учак чыгымын Иран тарап төлөп бермекчи. Документтер 1-августка чейин кабыл алынып, окутуу быйылкы жылдын 7-сентябрында башталат.