Кыргыз Республикасы менен Түркиянын экономика, туризм тармактарында кызматташуусун бекемдөө талкууланды

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси И.Жунусов кечээ, 13-июлда Анталиянын губернатору Муаммер Түркер менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Түркиянын экономика, туризм тармактарында кызматташуусун бекемдөө, Анталияда убактылуу жашаган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо талкууланды.

М.Түркер 2016-жылдын 23-апрелинен 30-октябрга чейин өтө турган "ЭКСПО-2016" Эл аралык көргөзмөсүнө кыргыз тарапты катышууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан