Бүгүн, 14-июлда Кыргыз Республикасынын Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Рафик Мамбеталиев Орусиянын Баңгизаттарды көзөмөлдөө федералдык кызматынын өкүлү Григорий Пустовитов менен жолугушту. Тараптар мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча эки өлкөнүн органдарынын кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулашканы айтылды. Мамбеталиев кыргыз жериндеги баңгизатка каршы күрөшүүнүн азыркы абалы, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Баңгизатка каршы күрөшүү кызматына таянсак, Пустовитов 2016-жылы кыргыз өкмөтүнүн аталган кызматынын Ош шаарында жаңы административдик мекемесинин курулушуна Орусиянын жардамдашуусу баңгизатка каршы күрөшүү боюнча Орусиянын катаал аракетин билдирерин кошумчалады. Жыйынтыгында тараптар мындан ары да тыгыз иштешүү пикирине келишти.