Жалал-Абад жана Исфана шаарларындагы аэропортторду реконструкциялап, өнүктүрүү планы иштелип жатат. Бул тууралуу т
ранспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев 14-июлда өлкөдөгү аймактык аэропортторду өнүктүрүү маселелерин талкуулаган жумушчу жыйында айтты. Ошондой эле жыйында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, “Манас” Эл аралык аэропортунун жана Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги өлкө аймактарындагы аэропорттордун абалы боюнча маалымат беришти.Отурумга катышкан премьер-министр Темир Сариев тиешелүү органдарга аймактагы аэропортторду өнүктүрүү долбоорун тез арада иштеп чыгууну тапшырды. Бул жаатта Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.