Жарандардын биометрикалык маалыматтарын уурдап пайдаланууга мүмкүнчүлүк жок. Муну биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 14-июлда Ош шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өкмөт мүчөсү жарандардын өздүк маалыматтарынын бекем сакталышына кепилдик берилерин айтат.
"Силер жумушта отурганда, коомдук жайлардан тамактанганда же коомдук унааларды пайдаланганда дайыма манжа издериңерди калтырып кетесиңер. Бирок силерге "муну кимдир бирөөлөр пайдаланышы мүмкүн" деген ой келбейт, анткени мунун эч кимге кереги деле жок. Кимде-ким өзүнүн биометрикалык маалыматтарынын уурдалышынан коркуп жаткан болсо, айтарым, мындайга жол берилбейт. Борбордук биометрикалык база бекем корголгон",- деп билдирди Сарпашев.