Бүгүн, 15-июлда Бишкекке Кытай Эл Республикасынын делегациясы келди. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, делегацияны өлкөнүн Коомдук коопсуздук министрлигинин чек ара кызматы боюнча директорунун орун басары Ни Жун жетектеп келди.
Маалым болгондой, сапар алкагында Кытай делегациясы менен Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын жетекчилиги жолугушуп, эки өлкө ортосундагы чек ара жана аскердик-техникалык маселе боюнча кызматташууну талкуулашат.