2015-жылдын январь-июнь айларында ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгашалары 47 миллиард 541 миллион 469 миң сомду түздү. Мунун ичинен эмгек акыга 12 миллиард 389 миллион 346 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарга 8 миллиард 411 миллион 756 миң сом жумшалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Каржы министрлигинен билдиришти. "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар" беренеси 3 миллиард 314 миллион 996 миң сомго, "имараттар жана курулмалар" беренеси 2 миллиард 80 миллион 715 миң сомго каржыланды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды",- деп билдирет министрлик.