Кыргыз мамлекети менен Кытайдын чек арасы убактылуу жабылат. Кытайда Ид аль-Фитр майрамынын белгиленишине байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт автожолу" жана "Эркеч-Там автожолу" өткөрүү бекеттери 18-июлдан 20-июлга чейин жабык турат. Мындай демилгени Кытай тарап көтөргөнүн, чек аралар 21-июлда ачылып, автоунаа каражаттары өткөрүлүп баштай турганын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.