Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылык макулдашуу (электр менен камсыздоонун ыңгайлуулугун жана отчёттуулугун жогорулатуу долбоору боюнча) ратификацияланды. Тийиштүү мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 16-июлда президенттик аппараттан билдиришти. Документти парламент 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алган. Мыйзамга ылайык, Каржы министрлигине макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик бардык ички процедураларды Кыргыз Республикасы аткарганын аталган ассоциацияга кабарлоо милдети жүктөлдү. 
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан