Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 19-июнунда кабыл алынган мыйзамдын максаты - 2015-жылкы республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн параметрлерин тактоо.
Айта кетсек, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 7 миллиард 493,3 миллион сомго көбөйтүлгөндүктөн, жалпы киреше 111 миллиард 246 миллион сом өлчөмүндө болот. Республикалык бюджеттин чыгашалары 136 миллиард 573,1 миллион сомду түзө турганы белгилүү болду. Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы – 25 миллиард 327,1 миллион сом. Бюджеттин тартыштыгын жабууга 2015-жылы 25 миллиард 327,1 миллион сом өлчөмүндөгү каржылоо булактары каралды. Талкуу учурунда да депутаттар бир катар сунуштарды беришти.