Кыргыз мамлекетинин өкмөтү менен Түркмөнстан өкмөтүнүн ортосундагы салык мыйзамдуулугун сактоо маселесинде кызматташуу жана жардамдашуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Тийиштүү мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 16-июлда президенттик аппараттан билдиришти. Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алган.
Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлигине аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик бардык процедуралар Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө түркмөн тарапка кабарлоо милдети жүктөлдү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.