Кыргыз мамлекети "Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө" конвенцияга кошулат

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын "Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө" конвенцияга кошулуусу тууралуу мыйзамга кол койду. Документ парламент тарабынан 2015-жылдын 10-июнунда кабыл алынган. Конвенцияга кошулуунун максаты - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, эл аралык терроризмди жок кылуунун жана ядролук материалды мыйзамсыз жүгүртүүнүн, мыйзамсыз басып алуунун жана колдонуунун жыйынтыгындагы потенциалдык коркунучту жок кылуу.

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан