Бишкек шаары Барселонада өтө турган Бүткүл дүйнөлүк Smart City конгрессинде көрсөтүлүшү мүмкүн

Бишкек шаары Испаниянын Барселона шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк Smart City конгрессинде көрсөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов менен Испаниянын Барселона шаарынын вице-мэри Антони Вивес Томастын жолугушуусунда белгилүү болду. Барселонанын вице-мэри Бишкек мэриясын Барселонага келип, Бишкек шаары жөнүндө дүйнө коомчулугуна билдирүү жасоого чакырды. 
Айта кетсек, Бүткүл дүйнөлүк Smart City конгресси быйылкы жылдын ноябрь айында өтөт. Эл аралык иш-чарага 200дөн ашык дүйнөнүн шаарларынын өкүлдөрү катышат. Анын жүрүшүндө заманбап техникалардын бет ачарлары өткөрүлүп, өнүккөн шаарлардын башкаруучулары ишинин ыкмалары туурасында айтып беришет. Бишкек шаары үчүн мындай иш-чарага катышуу анын таанылышына жана инвесторлорду кызыктырууга алып келиши мүмкүн экенин айткан Кулматов мындай деди: “Бизге азырынча чакыруу гана келип түштү. Бирок аталган конгресске катышабыз деп толук айта албайм, анткени биз баарын эсептеп, ойлонуп көрүп, анан керектүү делген кадамдарга барабыз”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан