Малайзия бийлиги Украинанын чыгыш тарабынан Боинг учагынын кырсыкка учурашын иликтөө боюнча Эл аралык трибунал түзүүгө бүт күчүн жумшайт. Бул тууралуу Малайзиянын премьер-министри Наджиб Разак авиакырсыктын 1 жылдыгына карата жасаган билдирүүсүндө айтты. "Бир жылдан бери чындык үчүн күрөш уланууда, бирок аягына жетүүгө али көп бар. Кырсыкка күнөөлүүлөрдү издөө боюнча тергөө тобу менен тыгыз кызматташууну улантабыз. Биз кырсыкты иликтөө боюнча Эл аралык көз карандысыз трибунал түзүү сунушубузду аткартууга далалат кылабыз",- деп билдирди Разак.
Эскерте кетсек, Малайзия Украина аймагында кулаган малайзиялык Боинг учагы боюнча Эл аралык трибунал түзүү жөнүндө резолюциянын долбоорун 14-июлда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине киргизген. Мындай демилгени Украина, Австралия, Бельгия жана Нидерланды колдоого алышты. Орусия бул идеяга ишенбестик менен мамиле кылууда. Маалыматтарга таянсак, БУУнун Коопсуздук кеңеши демилгени 21-июлда карай турганы күтүлүүдө.
"Malaysia Airlines" авиакомпаниясына таандык Боинг-777 учагы 2014-жылдын 17-июлунда Амстердам - Куала-Лумпур багыты боюнча бара жатканда Донецктин үстүнөн
жарылган. Кырсыктан 298 адам каза тапкан.