Бүгүн, 16-июлда Токтогул районунун акимин шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты. Район башчылыгына
Майорбек Сатымкулов менен
Нуржан Борбуевдин талапкерлиги коюлду. Добуш берүүгө катышкан райондогу жергиликтүү кеңештердин 167 депутатынын 111 депутаты Сатымкуловдун талапкерлигин колдоду. Эми ал өкмөт башчы кол койгон соң кызматына киришет.
1-июнда райондун мурдагы акими Токтосун Барманов өз арызы менен кызматтан кеткенден бери Сатымкулов акимдин милдетин аткарып келген.