Бишкекте бүгүн, 16-июлда согушчандар менен атышуудан жаракат алгандар ооруканага жеткирилишти. Алардын биринин санына ок тийип, №4-шаардык ооруканага жаткырылган. Калган үчөө Улуттук госпиталга жаткырылганын "Тез жардамдан" билдиришти.
Маалыматка караганда, колуна ок тийген жоокер
кан тамыр хирургиясына, манжаларынан жаракат алганы микрохирургия бөлүмүнө, дагы бири жаагынан жаракат алып, бет-жаак бөлүмүнө жаткырылган.
Атышуу Бишкектин Горький жана Панфилов көчөлөрү кесилишкен жеринде
болгон. Бүгүн саат 18:30дарда башталып, 1 сааттан ашуун убакытка созулду.
Окуя учурунда 4 жоокер жаракат алган. УКМК жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө 5 адам кармалды.