Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "2015-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Каржылоо жөнүндө" макулдашууну (электр менен жабдуунун отчёттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.
Ушул мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарлоо милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.