Президент Алмазбек Атамбаев Айт намазында Аламүдүн районунун Арашан айылындагы мечитте болду. Бул тууралуу 17-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы намаздан кийин "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрель окуясында каза болгондорду эскерди.