"Кыргыз мамлекетинде орточо эмгек акынын реалдуу өсүшүнүн азайышы 2015-жылдын январь-майында 1,4 пайызды түздү, учурда орточо айлык акы 12 247 сом деңгээлинде. Алдын ала маалыматтар боюнча, тышкы соода жүгүртүү 2015-жылдын январь-майында 2 миллиард 253 миллион 400 миң долларды түзүп, 2014-жылдын январь-майына салыштырмалуу 11,8 пайызга азайды. Мунун ичинде экспорт 604 миллион 500 миң долларды, импорт 1 миллиард 648 миллион 900 миң долларды түздү",- деп айтылат маалыматта.