Өкмөт: Бишкекте террористтерди кармоого катышкан жоокерлердин эрдиги бааланат

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 17-июлда Бишкек шаарында согушчандарды кармоо операциясы учурунда жаракат алган УКМКнын "Альфа" атайын кызматынын кызматкерлеринин абалын көрдү. Өкмөт жетекчиси операцияны өткөрүүдө жогорку профессионалдуулукту көрсөткөнү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигине жана операцияга катышкан кызматкерлерге өкмөттүн атынан ыраазычылык билдирди. "Сиздердин көрсөткөн эрдигиңиздер өкмөт тарабынан тиешелүү деңгээлде бааланат",- деди Сариев.

Өкмөт башчы мамлекеттин коопсуздугун сактоо абдан маанилүү экенин билдирип, ар бир жаран буга салым кошушу керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан