Тышкы иштер министрлиги 16-июлда 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иши боюнча жыйын өткөрдү. Ага премьер-министр Темир Сариев катышты. Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев министрликтин ишин оң баалап, мындан ары улантууга чакырды."Министрликте иштеп жаткан кадрлардын көпчүлүгү жаштар экени кубандырат. Бардык департаменттерде иш үчүн керектүү шарттар түзүлүп, кызматкерлердин профессионалдык стандарттары аныкталган",- деди ал.
Ошол эле учурда Сариев министрликтин ишинде айрым кемчиликтер бар экенин белгиледи. Айтымында, Тышкы иштер министрлигине караштуу элчиликтер жана консулдуктар чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын коргошу керек.
“Айрым өлкөлөрдө элчиликтер жарандарыбыздын кызыкчылыгын тиешелүү деңгээлде коргобой жатышат”,- деди премьер-министр.
Ошондой эле экономикалык тармакта жана инвестицияларды тартууда мамлекеттик органдардын ортосунда координация жок болуп жатканын билдирди. Муну менен катар чет жердеги диаспоралар менен кызматташтыкты күчөтүү тапшырмасын берди.