Премьер-министр Чүй жана Ысык-Көл облустарын кыдырып чыгат

Бүгүн, 18-июлда премьер-министр Темир Сариевдин Чүй жана Ысык-Көл облустары боюнча эки күндүк иш сапары башталды. Маалым болгондой, иш сапардын жүрүшүндө Сариев Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак-Сол-Жээк кениндеги “Алтын кен” ишканасынын учурдагы абалы жана “Кемин” подстанциясынын курулушу менен таанышат. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарында бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышып, шаарды өнүктүрүү планын талкууламакчы.

Сапардын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугуп, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты талкуулайт. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан