Индиядагы учактын кырсыгына учкучтун катасы себеп болгондугу айтылууда

Индиянын авиакырсыктарын иликтөө бюросу Air India авиакомпаниясынын Boeing 787-8 Dreamliner учагынын кыйроосунун ыктымал себептери боюнча алдын ала отчётун жарыялады.

Маалыматка караганда, кыймылдаткычтарга күйүүчү май 0,1 секунданын ичинде жетпей калган. Анткени кулаганга бир нече секунд калганда өчүрүлгөн.

Учкучтардын учактын ичинде сүйлөшүүсүн комиссия угуп, алар бири-биринен күйүүчү май эмнеге өчүрүлгөнүн сурашкандыгын билишкен. Шериги экинчисине эч нерсеге тийишпегендигин айткан.

Учак көтөрүлөр замат кескин түрдө бийиктигин жогото баштаган. Кырсык абага көтөрүлгөндөн 40 секунддан кийин болгон.

Эске салсак, учак кырсыгы 13-июнда Ахмедабад шаарында болгон. Учак кулаган учурда ичиндеги 242 адамдын ичинен жалгыз гана 40 жаштагы Улуу Британия жараны Рамеш Висвашкумар аман калган. Жалпысынан кырсыктын кесепетинен 310 адам каза тапты. Анткени жердеги үйлөр да жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан