Кеминдеги “Алтын кен” ишканасын 29-июлдан тарта ишке киргизүү тапшырмасы берилди

18-июлда өкмөт башчы Темир Сариев Кемин районундагы Талды-Булак-Сол-Жээк кениндеги “Алтын кен” ишканасынын учурдагы абалы менен таанышты. Өкмөттүн маалымат кызматы Сариев аталган фабриканы 29-июлдан тарта ишке киргизүү тапшырмасын бергенин билдирди.

"2015-жылдын соңуна чейин “Алтын кен” 1 тоннага жакын алтын ɵндүрүшү керек. Ошондой эле, келишимге ылайык, заводго жумушчулардын 90 пайызы жергиликтүү калктан тартылышы зарыл",- деди өкмөт башчы. 

Маалыматка ылайык, аталган завод ишке киргизилсе, мамлекетке жылына 286 миллион сом салык түшөт. Анын 82 миллиону район бюджетине түшɵт. Өкмөт башчы Кемин районунун акимине каражатты бир гана багытта эмес, бир бɵлүгүн социалдык объекттерди курууга, экинчи бɵлүгүн ɵнүктүрүү багытында, ишканаларды ачууга жумшоо керектигин белгиледи.

"Бул жаатта район жетекчилигинин даяр долбоорлору болушу зарыл. Мындан тышкары учурда заводдун башкаруу органдарына сɵзсүз түрдɵ кыргыз адистерин тартуу керек",- деп билдирди Сариев.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан