Бүгүн, 19-июлда Чолпон-Ата шаарында өкмөт башчы Темир Сариев Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки ɵлкɵ ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу боюнча иш-чараларды талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Темир Сариев Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулуу жараяны аяктаган соң кыргыз-казак бажы посттору толугу менен ачылышы керектигин билдирди. Ошондой эле Масимовдун кыргыз жерине жасаган бул сапары ɵзгɵчɵ мааниге ээ экендигин белгиледи. "Биздин ишеним жана бир туугандыкка негизделген кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү үчүн айрым маселелерди талкуулашыбыз керек. Алар боюнча чечим кабыл алууну тездетишибиз шарт”,- деди Сариев.
Өз кезегинде Карим Масимов Кыргыз Республикасына карай сапар жасоодо коңшу мамлекеттин чек арасынан Хан-Теңири аймагы аркылуу жɵɵ ашып ɵткɵнүн билдирди. Ошол эле учурда ал жолугушуунун Ысык-Кɵл жээгинде ɵтүп жатканы ɵзгɵчɵ мааниге ээ экенине токтолуп, ɵз тарабынан кыргыз-казак кызматташтыгын ɵнүктүрүүгɵ кызыкдар экенин белгиледи. "Ысык-Кɵлдɵ эс алуучу туристтердин арасында Казакстандын жарандары кыйла кɵбүрɵɵк болоруна ишенем. Анткени кыргыз-казак бир тууган эл болгондуктан, кыргыз өлкөсүндө алар ɵздɵрүн коопсуз сезип, ɵзгɵчɵ меймандос мамилеге кабылышат",- деп билдирди Масимов.
Жолугушуу жүрүшүндɵ Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу боюнча сүйлɵшүүлɵрдү ɵткɵрүү үчүн 20-июлда кыргыз өкмөтүнүн атайын делегациясын Казакстанга жɵнɵтүү макулдашылды.