Чүй облусунун Аламүдүн районунда Американын мурунку аскер базасында жайгашкан Улуттук гвардиянын 708-аскер бөлүгүндө президент Алмазбек Атамбаевдин келишине байланыштуу аскер техникасынын көргөзмөсү өтүүдө. Ага гвардиянын ок атуучу куралдарынын 20 чакты түрү, аскер унаалары жана мобилдик талаа ашканалары коюлган.
Улуттук гвардиянын 714-аскер бөлүгүнүн ага лейтенанты Актан Султановдун айтымында, көргөзмөгө коюлган талаа ашканасы 120 мүнөттө 250 аскерди биринчи жана экинчи тамагы менен камсыз кылганга жарайт. Ал эми аскер унааларынын 20 түрүнүн эң эскиси 2000-жылдарга таандык болсо, жаңылары 2005-жылдан беркилер. Муну менен катар көргөзмөгө жоокерлер кышында, тоодо жана токойдо кийип жүрчү кийимдер коргогучтары менен коюлган.
Улуттук гвардиянын аскерлери кийген кийим-кечек, жарак-жабдык (экипировка) болжол менен 30 килограмм салмакты түзөт. Аны менен каалаган жерде түнөсө болот, ошондой эле бир суткага жетерлик тамак-ашы болот.