2015-жылдын 6 айында тоют камдоодо эң төмөнкү көрсөткүчтөр Баткен жана Талас облустарында катталды

Өлкөдө тоют өткөн жылдагыга салыштырмалуу 253,1 миң тоннага көбүрөөк жыйналды. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июлга карата өлкөдө мал-жанга топтолгон тоюттун көлөмү 1 миллион 151,5 миң тоннаны түзүүдө. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 253 тоннага көп (өткөн жылдагы көрсөткүч - 898,5 миң тонна). Анын ичинен кесек тоюттун көлөмү 199,7 миң тоннага артса, чогултулган самандын көлөмү 46,7 миң тоннага көбөйгөн. Ошондой эле силостун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 6,6 миң тоннага көбөйгөн.  

Тоют камдоодо эң төмөнкү көрсөткүчтөр Баткен жана Талас облустарында катталган. Облустардагы көрсөткүчтөргө төмөндө орун бердик:

                                    2014-жыл     2015-жыл     Жыйынтык

Республика               898,5              1151,5            253,1

Чүй                             322,7              416,5              93,8

Талас                         61,3                73,4                12,1

Ысык-Көл                  76,7                114,1               37,4

Нарын                       45,9                 95,8                49,9

Ош                             171,7              206,7               35,0

Жалал-Абад             180,5              195,9               15,3

Баткен                       39,7                49,2                 9,5

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asilkg
2015-07-20 12:52:27
Кайсы корсоткучторго таянып айтып жатат бул нерселерди болжол менен десе да тушунот элем азыр ар ким оз алдынча кааласа тоютун орттоп салат кааласа тоют топтобой коёт аны озу билет а айыл чарба министирлиги жок нерсе менен алек болуп отурат. Кулкуму келтирбей башка нерсени кылышсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан