Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьялар курамы алмашты

Кыргыз мамлекетинин Сотторду тандоо кеңеши тарабынан 6-июлда президент Алмазбек Атамбаевге 14 талапкерди Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьялыгына дайындоо сунушу киргизилген. 15-июлда мамлекет башчы талапкерлер менен сүйлөшүү жүргүздү. Материалдарды иликтеп чыккандан кийин 2 талапкер боюнча сунушту артка кайтарып, 12си боюнча макулдук берди. Буга байланыштуу президент 18-июлда 3 буйрук чыгарды.
Биринчи буйрук менен төмөнкү 12 талапкер судьялыкка дайындалышты:
Абдуразак Боромбаев
Венера Жаныбек кызы
Мидин Жолдошалиев
Кундуз Исаева
Эмилбек Каипов
Алмаз Калыбаев
Айнура Сатарова
Марат Сыдыков
Адылбек Субанкулов
Мирлан Термечиков
Айгүл Үмөтова
Айбек Эрнис уулу 
Экинчи буйрук менен аталган судьялар кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга жиберилишти. Үчүнчү буйрук менен Биринчи Май райондук сотунун азыркы судьялар курамы толук бойдон отставкага кетирилди. Үч буйрук тең бүгүн, 20-июлда аткарылат. 

 

 

 

 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан