Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев биротоло кызматтан алынып, ордуна Темир Жумакадыров дайындалды

Бүгүн, 20-июлда президент Алмазбек Атамбаев Данияр Нарымбаевди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси кызматынан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Президенттин башка жарлыгы менен Темир Жумакадыров президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, Нарымбаевдин кызматтан бошотулушуна Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун 100 миң доллар пара менен кармалышы себеп болду. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан убактылуу четтетип турууну суранып президентке кайрылган. Президенттин алгачкы жарлыгы менен убактылуу иштен алынса, бүгүнкү жарлыгы менен кызматтан биротоло бошотулду. Кызматтан бошотуу боюнча Д.Нарымбаевдин арызында булар айтылат:
"Жогорку Кеңештин депутаты Х.З.Коркмазовго байланыштуу кылмыш ишин тергөө жана бул кылмышка менин тиешем бар экендиги тууралуу сөздөрдү төгүндөө белгилүү убакытты талап кылат. Бул шайлоо алдында президенттин аппаратынын жетекчисинин функцияларын аткарууну үзгүлтүккө учуратат. Буга жол берүүгө болбойт. Ушуга байланыштуу өзүмдүн ак экенимди жоопкерчилик менен билдирүү менен бирге мени өз каалоом боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси кызматынан бошотуп коюуну өтүнөм".
Темир Жумакадыров буга чейин Коргоо кеңешинин катчысы кызматын аркалап келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан