Алмазбек Атамбаев УКМК жүргүзгөн операциядан улам үй-жайсыз калгандарга колдоо көрсөтүү үчүн 5 миллион сом бөлдү

Бүгүн, 20-июлда президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда мамлекет башчы УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын кесепеттерин жоюу боюнча иш-аракеттер жөнүндө маалымат алды. Кубатбек Боронов 2000 чарчы метр аянт күйгөнүн, азыркы тапта жабыркаган үй-бүлөлөргө алгачкы жардамдар көрсөтүлүп жатканын айтты. 

Жабыркагандарга колдоо көрсөтүү боюнча Алмазбек Атамбаев президенттик фонддон 5 миллион сом бөлдү. "Элге тийиштүү жардам берилиши кажет. Эч ким үйсүз калбашы керек. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар көйгөйдү ыкчам түрдө чечиши зарыл",- деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан