Акыйкатчы июлда эмес, сентябрда шайланат

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Раатбек Ешмамбетов Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын шайлоо жөнүндө кат жиберди. Катта акыйкатчыны шайлоо 25-июлга чейин өтүшү керектиги айтылат. 

"2015-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаевдин баяндамасынын Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылбагандыгына байланыштуу ал ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Жаңы акыйкатчыны тандоо бир айлык мөөнөттө, башкача айтканда, “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесине ылайык, 2015-жылдын 25-июлуна чейин өтүүгө тийиш.

2015-жылдын 30-июнунда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 2015-жылдын 1-сентябрына чейин аяктаган, бул азыркы мезгилде фракциялар жана комитеттер өз жыйналыштарын өткөрө албайт дегенди билдирет. Жогорку Кеңештин сессияларынын аралыгындагы мезгилде төрага президенттин, өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин кем эмесинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакырат. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш кароого сунушталган маселелердин жана өткөрүү мөөнөттөрүнүн себептерин көрсөтүү менен төрагага жөнөтүлөт.

Азыркы учурда демилгеге укуктуу бир дагы субъектиден аталган маселе боюнча кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш келип түшкөн жок. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын өткөрбөй туруп фракциялардын, комитеттердин жыйналыштары жана акыйкатчынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча кабыл алынган чечим легитимсиз болуп калат. Мындан улам “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34, 43, 44, 124-беренелеринин ченемдерин көңүлгө алып, жогоруда көрсөтүлгөн ченемдердин талаптарын сактоо максатында акыйкатчыны шайлоо маселесин 2015-жылдын 1-сентябрынан кийин кароону сунуштаймын",- деп айтылат аппарат жетекчисинин катында.

Асылбек Жээнбеков аталган катты фракция лидерлерине жана Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин кароосуна жибергенин билдирет ЖКнын маалымат кызматы.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан