Бишкекте Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун жаңы имаратынын ачылышы өтүүдө

Бүгүн, 21-июлда Бишкекте Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун жаңы имаратынын ачылышы өтүүдө. Эки кабаттуу турак жайдын курулуш иштери былтыр декабрь айында башталган. Аны курууга мамлекеттик бюджеттен 36 миллион 600 миң сом бөлүнгөнү айтылды. Жаңы имарат 2,5 гектар аянтты ээлейт. Анда медпункт, казарма, спорттук зал, кичи футбол талаасы бар. Эми атайын полкто 600 милиция кызматкери жумушун аткарат.

Жаңы имараттын ачылышына президент Алмазбек Атамбаевдин келүүсү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан