Бүгүн, 21-июлда Бишкекте Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун жаңы имаратынын ачылышында президент Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүн каалабагандарга күч колдонулат",- деп билдирди.
Анын айтымында, кээ бир адамдар бийликке келүүнүн айласын ойлоп, Жер-Үй кенинин иштетилишине каршы чыгышууда.
"Жер-Үй кени 300 сомго сатылганда эч нерсе дебей, качан ал 100 миң доллар же 6 миллион сомго сатылганда каршы чыгып жатышат. Эмнеге Жалал-Абадда, Чүйдө, Ысык-Көлдө кенди иштетсе болот, ал эми Таласта болбосун? Мамлекеттин өнүгүүсүн каалабагандарга алардын ордун көрсөтүш керек. 5 жылдан бери алардын башынан сылайбыз.
Кыргыз жергеси ошол эле коңшу Казакстанга окшоп бардык кендерин иштетиши керек.
Кары-картаңдардын пенсиясын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык жөлөк пулун көбөйтүү керек. Мындан ары Кыргыз Республикасын ары-бери солкулдатканга уруксат бербейбиз",- деди президент.